Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:31

Түркияда өкмөткө каршы нааразылык акциялары уланууда


Жекшембиде башкалаа Анкарада жана Стамбул баш болгон бир нече ири шаарда өкмөткө каршы акцияларга миңдеген адамдар катышты. Акциялар учурунда демонстранттар менен полициянын кагылышы катталды. Полиция демонстранттарды таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ колдонду. Түрк дарыгерлер ассосациясынын билдиришинче, нааразылык акциялары өтүп жаткан үч күн ичинде Стамбулда 1000ден ашык, Анкарада 700дөй адам жараат алды. Расмий бийликтегилер жараат алгандардын саны мындан бир кыйла аз экенин билдирүүдө. Түркиянын ички иштер министри Муаммер Гүлөр демонстрациялар учурунда 1700дөн ашык адам кармалганын, бирок алардын көпчүлүгү кайра бошотулганын маалымдады. НАТО жана АКШ Түркиянын бийликтерин сабырдуулукка чакырды.

XS
SM
MD
LG