Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:30

Жогорку Кеңеш бүгүн кезексиз сессияга чогулат


Мындай чечимди өткөн ишембиде парламенттеги коалициялык көпчүлүк кабыл алган. Кезексиз жыйында президент Алмазбек Атамбаевдин Жети-Өгүз районуна өзгөчө абал киргизүү жөнүндөгү жардыгы талкууланмакчы. Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, өлкө башчы өзгөчө абал жарыялоо тууралуу жардык чыгаргандан кийин үч күн ичинде Жогорку Кеңеш бул жардыкты талкуулап, аны бекитиши, же четке кагышы зарыл.

Кумтөр кенине байланышкан талаптар менен 27-майда Жети-Өгүз районунда нааразылык акциялары башталган. Митингге чыккандар канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен Кумтөр кенин иштетүү боюнча келишимди бузууну талап кылып, эки жолу кенге кетчү жарыкты өчүрүп салышкан. Буга байланыштуу 31-майда президенттин жарлыгы менен 10-июнга чейин Жети-Өгүздө өзгөчө абал тартиби киргизилген.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG