Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:23

Жети-Өгүз районуна киргизилген өзгөчө кырдаал алынды


Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна 31-майдан тарта киргизилген өзгөчө кырдаалды алуу тууралуу жардыкка мамлекет башчы бүгүн кол койду. Өзгөчө кырдаал аймактын коменданты Бакытбек Жусубалиевдин жана Коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиевдин сунушу менен алынганы президенттин жардыгында айтылат.

Өткөн жума күнү президент Алмазбек Атамбаев Кумтөргө байланыштуу митингден улам тутанган жаңжалдан жергиликтүү элдин коопсуздугун камсыз кылуу, абалды жөнгө салуу жана коомдук тартипти орнотуу максатында Жети-Өгүз районунда өзгөчө кырдаал киргизүү жөнүндө жардык чыгарган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG