Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:44

Бишкек-Ош жолу ачыла элек


Бишкек-Ош жолунун 586-чакырымы Датка айылынын тушунан тосулган боюнча ачыла элек. Жол тоскондор лидери Медер Үсөновду, Кумтөрдө кармалып, камакка алынгандарды, “Ата-Журт” партиясынын үч депутатын камактан бошотууну талап кылышууда. Мындан тышкары Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча Канада ишканасы менен түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу талабы да бар.

Кабарчыбыз Рысбай Абдраимовдун жол тосулган жерден маалымдаганы боюнча, тосулган жолдун эки тарабына эки миңдей автоунаа топтолду, жөө адамдар ары-бери эркин өтүп жатышат.

Бишкек-Ош жолу 2-июнь күнү 21:00 ченде Жалал-Абадда митингчилер тарабынан жабылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG