Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:28

“Замандаш-Современник” кырдаал боюнча кайрылуу таратты


Жети-Өгүздөгү кырдаалга жана Жалал-Абадда болуп жаткан окуяларга байланыштуу партия тараткан кайрылууда ар кандай маселелерди цивилизациялуу жол менен, күч колдонбой, талап койбой чечүүгө болору айтылган. Кайрылуу ээлери кыргызстандыктарды келип чыккан маселелерди мыйзамдуу сүйлөшүү жолу менен чечүү үчүн конструктивдүү диалогго келүүгө чакырган.
“Өлкөнүн ийгиликтүү өнүгүүсү үчүн тынчтык, коомдогу өз ара түшүнүшүү, кепке келүү зарыл. Биз, кыргыз эли түрдүү маселени тынч маанайда, ийри отуруп, түз чече аларын бүт дүйнөгө көрсөтүүгө тийишпиз”,- деп айтылат кайрылууда.

“Замандаш-Современник” Орусия, Казакстандагы кыргызстандык диаспоралардын башын бириктирген ассоциациядан 2010-жылы бөлүнүп чыгып, өз алдынча партия болуп түзүлгөн.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG