Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:26

Кытай: тоок фабрикадагы өрттөн жүздөн ашуун кишинин өмүрү кыйылды


Өрт чыккан тоок фабрика. 3-июнь, 2013-жыл.

Өрт чыккан тоок фабрика. 3-июнь, 2013-жыл.

Мамлекеттик маалымат каражаттарынын кабарына караганда, өрт өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Цзилинь провинциясынын Мишази шаарчасындагы тоок фабрикада бүгүн таңга маал чыккан.

Ал кезде ишканада үч жүздөй кызматкер болгон. Өрттөн алардын 112синин өмүрү кыйылып, 50дөн ашууну жаракат алды.

Мамлекеттик “Синьхуа” агенттиги өрт өчүргүчтөргө шилтеме жасап кабарлагандай, адамдарды эвакуациялоону имарат планынын татаалдыгы, өткөөлдөрдүн кууштугу кыйындаткан.

Өрттүн ыктымал себеби катары тоок фабриканын электр системасындагы мүчүлүштүктөр айтылууда. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG