Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:55

Тосулган жолдо турган автоунааларда жашылча-жемиштер бузулууда


Айрым ишкерлер Ош, Баткен облустарынан Бишкекке алып бара жаткан жашылча-жемиштер күн эмес, саат санап бузулуп жатканын белгилешүүдө. Кабарчыбыздын айтымында, алардын арасында жеңил автоунаалар ташып келе жаткан гилас, кулпунайларды тосулган жолдун аркы бетине жащиктеп ташып аткандары да бар.

Ишкерлердин айрымдары жашылча-жемиштери банктардан алган насыя акчаларга сатылып алынганын айтышууда. Өзүн Салима деп тааныштырган ишкер айымдын айтуусунда, гилас жүктөлгөн 12 автоунаа бир суткадан бери өтө албай, андагы мөмөлөр четинен чирүүдө.

Бишкек-Ош жолу Сузактын Датка айылынын тушунан кечээ кечтен бери тосулуп турат. Жол тоскондор Медер Үсөновду, “Ата-Журт” партиясынын камактагы депутаттарын бошотуу талабын коюшууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG