Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:35

Ооганстан: кол салуудан он сегиз киши өлдү


Кол салуулардын бирин мотоцикл айдаган жанкечти жасап, Пактиа провинциясындагы мектептин сыртында тогуз окуучуну жана бир полиция офицерин мерт кылды.

Дагы ондогон окуучу жарадар болду. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, жанкечти АКШнын жолдо бара жаткан аскерий кербенин бутага алган.

АКШ аскерлери арасында жабыр тарткандар бар-жогу азырынча беймаалым.

Ал эми Лагман провинциясында эл салган автоунаа жол боюна көмүлгөн минага кабылганда, жети киши, анын ичинде аялдар менен балдар да каза тапты. Бул кол салуу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек. (UE)

XS
SM
MD
LG