Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:17

Борбордук Европада суу ташкын күчөөдө


Влтава дарыясы киргендеги көрүнүш. Прага, 2-июнь, 2013-жыл.

Влтава дарыясы киргендеги көрүнүш. Прага, 2-июнь, 2013-жыл.

Нөшөрлөгөн жаандын артынан келген суу ташкындан улам Германия, Австрия, Швейцария, Чехия, Польшада миңдеген киши жашаган жерлеринен эвакуацияланды, төрт киши каза тапты.

Германиянын селден улам эң көп жабыр тарткан Пассау шаарынын бийликтери кырдаалды “опурталдуу” деп мүнөздөштү.

Чехиянын борбору Прагада мектептер жабылды, коомдук транспорттун иши үзгүлтүккө учурады, зоопарктагы жаныбарлардын бир бөлүгү эвакуацияланды. Шаардын тарыхый борборун суу каптабашы үчүн тосмолор орнотулду.

Австрияда Дунай дарыясынын жээгиндеги аймактарда өзгөчө абал жарыяланды. Метеорологдор нөшөрлөгөн жаан алдыдагы күндөрү басаңдайт деп күтүүдө. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG