Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:30

УКМК: Медер Үсөновду камоодо мыйзам бузулган жок


Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы бүгүн кечке жуук билдирүү таратты. Андагы маалыматка ылайык, Жалал-Абаддагы 31-майда болгон окуялар боюнча козголгон кылмыш иштин негизинде, Үсөнов 2-июнда УКМКнын тергөө башкармалыгына алынып келген. Үсөновдун адвокатынын катышуусу менен сурак жүргүзүлүп, мыйзамда көрсөтүлгөн эрежелерге ылайык камакка алынганын коопсуздук комитети билдирүүдө.

Буга чейин камактагы Үсөновдун адвокаты Искендер Журабаев УКМКнын кызматкерлери мыйзамды одоно бузуп, эч кандай чакыруу бербестен, күч менен камакка алганын айтып чыккан.

31-май күнү Жалал-Абадда өткөн митингдин катышуучулары "губернатор" деп жарыялаган Медер Үсөнов 2-июнда кармалган. УКМКнын тараткан маалыматына караганда, Үсөнов Жалал-Абад шаардык прокуратурасы козгогон кылмыш иштин негизинде камалган. Шаардык прокуратура Кылмыш кодексинин 295-беренеси (бийликти күч менен басып алуу жана күч менен кармоо) жана 297-беренеси (бийликти басып алууга чакырык жасоо) боюнча кылмыш ишин козгогон болчу.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG