Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:25

Кыргыз-тажик чегиндеги Ак-Сай айылында чатак чыкты


Бүгүн кечки саат алтылар чамасында Баткендин кыргыз-тажик чек арасындагы Ак-Сай айылында кыргызстандык жаран менен тажик жаранынын ортосунда чатак чыкты. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Улан Рысбеков кабарлады. Анын айтымында, Ак-Сай айылындагы Бакай участогунун жашоочусу Дастан Надыров аттуу жарандын автоунаасын тажикстандыктар ташбараңга алышкан. Мындан улам эки тараптын ортосунда чатак чыккан. Рысбековдун айтымында, чатак болгон жерге Кыргызстандын жана Тажикстандын күч органдарынын кызматкерлери барып, учурда териштирүү иши жүрүп жатат. Алдын-ала маалымат боюнча, ташбараңдан улам талкаланган унааны тажик тарап төлөп берүүгө макул болду.

Баткендеги Ак-Сай айылы Тажикстандын Ворух эксклавы менен чектешет. Ушул жылдын 27-апрелинде Ворух анклавын айланып өтчү Ак-Сай - Тамдык жолунун курулушунан улам кыргыз жана тажик жарандарынын ортосунда чатак чыккан. Анда ворухтуктар бул жолдун курулушуна каршы чыгып, жол куруп жаткандарга кол көтөрүшкөн. Бул окуядан Ак-Сай айылынын 12 жараны жабыркаган, бир нече унаа жана сарай өрттөлгөн. (BkA)

XS
SM
MD
LG