Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:39

Египетте саясий активист президентти кордоду деп кесилди


Ахмед Доума.

Ахмед Доума.

Мамлекеттик маалымат каражаттары билдиргендей, жаш активист Ахмед Доума сот өкүмүнө ылайык, алты айга кесилди жана 30 доллардын тегерегинде айыппул төлөй турган болду. Ал быйыл апрелде президент Мохаммед Мурсини кылмышкер деп атагандан кийин кармалган.

Окуя Порт Саид шаарындагы демонстранттарга полиция күч колдонгондо 40тай кишинин өмүрү кыйылгандан кийин болгон. Ахмед Доума президент Мурсинин аны кордоду деген айып менен соттолгон алгачкы сынчысы. Анда баштапкы инстанциядагы сот өкүмүн апелляцияга берүү укугу бар.

Өкүм чыгып жатканда Ахмед Доуманын жактоочулары сот имараты сыртына жыйналып, президентке каршы ураан – чакырыктарды айтып турушту.

Активисттер президент Мурсини оппоненттерин куугунтуктап жатканы үчүн айыптап келишет. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG