Линктер

бейшемби, 30-март, 2017 Бишкек убактысы 11:30

Күрт согушкерлери түрк аскерлери менен атышты


Бул тууралуу түрк армиясы билдирди. Расмий маалыматка караганда, согушкерлер өлкөнүн түштүк-чыгышында Ирак менен чек арага жакын жерден ок ачканда бир аскер жаракат алып, аларга армиянын тик учагы жооп кайтарган.

Бул - өткөн айда Күрт Жумушчу партиясы – ПККнын согушкерлери Түркиядан чыга баштаганы жарыялангандан берки алгачкы атышуу. Алар Түркиядан түрк өкмөтү менен ПККнын абактагы лидери Абдулла Өжаландын ортосунда жетишилген макулдашууга ылайык, Түндүк Ирактагы базаларына кете баштаган. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG