Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:54

АКШ Мамкатчысы Түркия бийликтерин сабырдуулукка чакырды


Вашингтондогу басма сөз жыйында сүйлөгөн учурунда Жон Керри Түркиядагы соңку окуяларды комментарийлеп:

- Кошмо Штаттар ой-пикир билдирүү жана жыйналуу, анын ичинде адамдардын тынч нааразылык акцияларга болгон укугун колдойт. Анткени бул - ар бир демократиянын негизи. Биз полиция тарабынан күч ашыкча колдонулганы жөнүндөгү маалыматтарга камтамабыз. Бул инциденттер толугу менен иликтенет деп үмүттөнөбүз. Адамдардын баарын: демонстрацияларга тартылып, ой-пикир билдирүү эркиндигин көргөзүп жаткандарды, өкмөттөгүлөрдү кыянатчылыкка алып баруучу чагымдардан оолак болууга чакырабыз.

АКШ Мамлекеттик катчысы бул сөздөрдү Түркияда полицейлер менен өкмөткө каршы демонстранттар төртүнчү күн катар кагылышып, полиция демонстранттарды таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ, суу бүркүгүчтөрдү колдонуп жаткан кезде айтты.

Алгач бийликтин Стамбулдун борбордук Таксим аянтындагы паркты бузуу планынан тутанган нааразылык өткөн жума күндөн бери бүткүл өлкө боюнча өкмөткө каршы жүрүшкө айланып кетти.

Демонстранттар премьер-министр Режеп Тайып Эрдоганды отставкага кетүүгө да чакырышты.

Эрдоган болсо нааразылык акцияларын ал “экстремисттик элементтер” деп атагандар уюштурганын белгиледи. (UE)

XS
SM
MD
LG