Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:52

Бишкек-Ош жолу ачыла элек


Бул тууралуу нааразылык акциясынын уюштуруучуларынын бири Шайырбек Ташиев билдирди. Анын айтымында, алар койгон “Ата-Журт” партиясынын камактагы депутаттары жана митингчилердин лидери саналган Медер Үсөновду камактан бошотуу боюнча талаптар аткарылмайын жол ачылбайт.

Соңку маалыматтарга караганда, тосулган жолдун эки жагында бир жарым миңге жакын унаа топтолуп турат. Кечээ кечинде ички иштер министринин түштүк аймагы боюнча орун басары Курсан Асанов баш болгон бийлик өкүлдөрүнүн нааразы тарап менен сүйлөшүүлөрүнөн эч кандай майнап чыккан жок.

Бишкек-Ош жолу Сузактын Датка айылынын тушунан жекшемби күндөн бери тосулуп турат. Жол тоскон митингчилер - 31-майда "губернатор" деп жарыялаган Медер Үсөновду, “Ата-Журт” партиясынын камактагы депутаттарын бошотуу жана Кумтөр келишимин жокко чыгаруу талабын коюшууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG