Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:18

Америкалык аскер "Викиликске" маалымат берген деп айыпталууда


Аскер прокурорлору "Викиликс" сайтына жашыруун маалымат берди делген америкалык аскер Бредли Мэннингди "террорчу Усама бен Ладенге АКШнын аскердик сырлары менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзгөн" деп айыптады.

Мындай айыпты прокурорлор дүйшөмбүдө, Вашингтонго жакын Форд-Мид шаарында башталган соттук жараян жүрүшүндө такты. Мэннинг "Викиликс" сайтына 700 миңге жакын жашыруун маалымат берген деп күнөөлөнүүдө.

Мэннингдин адвокаттары анын бул аракетин Ирак жана Ооганстандагы согуштун көмүскө жактарын ачууга аракет кылган жаш, ишенчээк адамдын кадамдары деп аташты. Мэннинг өзүнө коюлган 10 айыпты моюнуна алды. Алардын эң олуттуусу "АКШнын душмандарына кол кабыш кылды" деген берене. Эгер бул берене боюнча күнөөсү далилденсе, 25 жаштагы аскер өмүр бою абакка кесилиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG