Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:54

Өкмөт Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөр жөнүндө парламентке маалымат берет


Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу, эл аралык иштер жана агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттеринин биргелешкен жыйынында Кумтөр кени боюнча “Центерра Голд” компаниясы менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү тууралуу өкмөт маалымат бермекчи. Комитеттерде талкууланган соң өкмөттүн маалыматы парламенттин жалпы жыйынында каралат.

Февраль айында Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча канадалык "Центерра Голд" компаниясы менен 2009-жылы түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу, салык жана экология талаптарын аткаруу боюнча сүйлөшүү жүргүзүүгө парламент өкмөткө үч айлык мөөнөт чектеген. Ал мөөнөт 31-майда аягына чыкты. Өткөн аптада өкмөт сүйлөшүүнүн мөөнөтүн дагы узартууну парламенттен өтүнгөн болчу.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG