Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:37

Бишкекте курулуштардын мыйзамдуулугун иликтөөчү комиссиянын иши солгундоодо


Социал-демократтар фракциясынын Бишкек мэриясы тарабынан курулуш үчүн берилген жерлердин мыйзамдуулугун текшерүүчү комиссиясы ишин улантып жатат. Фракция тараткан маалыматка ылайык, айрым мамлекеттик органдар тиешелүү документтерди бербей же толук эмес камсыз кылуу менен комиссиянын ишин солгундатышууда. Анда айтылгандай, “өтө шашылыш” деп, апрель айында берилген суроолордун көпчүлүгүнө эмгиче жооп алына элек. Ошондой эле “Бишкек-парк” соода-эс алуу борборунун курулушу боюнча талап кылынган документтердин жоктугунан улам Юстиция министрлигинен атайын эксперт чакырылган.

Бишкек шаарындагы жерлердин курулушка берилүүсүнүн мыйзамдуулугун иликтеп жаткан комиссия ишин жыйынтыктоонун үстүндө, жакында ал тууралуу коомчулукка кеңири маалымат берилмекчи. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү, комиссиянын төрайымы Галина Скрипкина билдирди.(ZKo)

XS
SM
MD
LG