Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:30

Праганы суу басуу коркунучу дале сакталууда


Влтава дарыясы кириши мүмкүн деген кооптонуудан улам өрт өчүргүчтөр менен ыктыярдуулар Праганын тарыхый бөлүгүн кум салынган каптар жана тосмолор менен тосушууда. Ишемби күндөн бери жаан менен коштолгон суу ташкындын кесепетинен Чехияда алты киши апаат болуп, миңдеген адамдар коопсуз жайларга көчүрүлдү. Унаа байланышы бузулуп, мектептер жабылды. Прага зоопаркынан жүздөгөн жандыктар да бөлөк жакка көчүрүлдү. Чех өкмөтү чукул кырдаал абалын жарыялап, 2002-жылдан берки эң кооптуу суу ташкындын зыяны менен күрөшкөнгө каражат бөлдү. Топон суу Германия, Австрия жана Швейцариянын айрым бөлүгүн каптап, адамдарды көчүргөнгө мажбурлады.

XS
SM
MD
LG