Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:34

Өкмөт Жалал-Абаддагы кырдаалды сүйлөшүү жолу менен чечүүнү көздөйт


Биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн парламенттин комитеттеринде маалымат берген учурда өкмөт жол буугандарды күч менен таркатпай турганын айтты.

Оторбаев жолдун буулуусунан эң ириде ишкерлер менен дыйкандар жабыр тартып жатканын айтып, бирок өкмөт маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүдөн башка жол көрбөй турганын билдирди.

“Ата Журт” фракциясынан депутат Азамат Арапбаев 31-майдан бери Жалал-Абадга өкмөттүн бир да өкүлү барбаганын, “Жети-Өгүздө ушундай эле абал түзүлгөндө премьер Сатыбалдиев бүт жан-жөкөрлөрүн ээрчитип, ошол жерде жүргөнүн” белгиледи. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG