Жалал-Абаддан Өзгөн, Ош шаарларына каттаган такси айдоочулар бааларды эки-үч эселеп кымбаттатып жибергенине жүргүнчүлөр нааразы болушууда. Өзүн Адина Шекенова деп тааныштырган жүргүнчү Жалал-Абаддан Өзгөнгө жол кире мурун 100 сом болсо, бүгүнкү күнү ал 300 сомго чыкканын кабарлады. "Ошко чейин ар бир кишиден мурунку 200 сомдун ордуна 500 сом сурап жатышат", - дейт жүргүнчү.(SE/ZKo)