Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:14

Түркия тынчый элек


Өлкөдө миңдеген эл катышкан массалык демонстрациялардын төртүнчү күнү өтүп жатат. Ал арада Стамбулда жана Анкарада полиция митингдерди басуу үчүн көздөн жаш агызчу газ колдонууда.

Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган өзүнүн турумун дагы деле бекем коргоп, нааразылык акцияларына чыккандардын талаптарын четке кагууда. Анын ишениминде, өлкөдө соңку күндөрдөгү башаламандыкты “экстремисттик элементтер”, оппозициялык күчтөр жасады.

Дүйшөмбү күнү Эрдоган Мароккого жумушчу сапары менен учту. Ал жерде берген комментарийлеринде ал кырдаал жакында турукташаарына ишенээрин билдирди.

Түркиядагы массалык демонстрациялар өткөн жума күнү Стамбулдагы сейил бакты коргойбуз деген экологдордун чакан митингинен тутанды. Бирок, Эрдогандын пикиринде, нааразылык акцияларынын чыныгы себеби дарактар эмес, ал эми анын оппоненттери муну өз кызыкчылыктары үчүн колдонушту.

- Бул окуялардын дарактарды кыюуга эч кандай тиешеси жок. Демонстранттардын артында өткөн шайлоодо жеңилгендер турат жана алар ар кандай жолдорду колдонду. Толкундоолор бардык шаарларда болгон жок. Азыр кырдаал жөнгө салынып калды. Мен Түркияга баргыча, өлкөдө тынчтык орнойт.

АКШ, Евробиримдик, НАТО түрк өкмөтүн сабырдуулук көрсөтүүгө чакырды.

Түркиянын НАТО боюнча өнөктөшү АКШ бүгүн дагы бир жолу түрк бийликтерин демонстранттарга этият мамиле жасоого чакырды.

Өткөн түнкү кагылышта 10 миңдей адам болгону, жалпысынан 67 шаардагы нааразылык митингдерде 1700дөн ашуун адам кармалганы айтылган.

Вашингтондогу басма сөз жыйында сүйлөгөн учурунда Жон Керри Түркиядагы соңку окуяларга мындай баасын берди:

- Кошмо Штаттар ой-пикир билдирүү жана жыйналуу, анын ичинде адамдардын тынч нааразылык акцияларга болгон укугун колдойт. Анткени бул - ар бир демократиянын негизи. Биз полициянын ашыкча күч колдонгону жөнүндөгү маалыматтарга камтамабыз. Бул инциденттер толугу менен иликтенет деп үмүттөнөбүз. Адамдардын баарын: демонстрацияларга тартылып, ой-пикир билдирүү эркиндигин көрсөтүп жаткандарды, өкмөттөгүлөрдү кыянатчылыкка алып баруучу чагымдардан оолак болууга чакырабыз.

Дүйшөмбүдө Түркиянын негизги баалуу кагаздар базарында сооданын көлөмү 10,5 пайызга ылдыйлады. Азыр инвесторлорду өлкөдөгү кырдаал тынчсыздандырууда.

Жекшембиде башкалаа Анкарада жана Стамбул баш болгон бир нече ири шаарда өкмөткө каршы акцияларга миңдеген адамдар катышты. Акциялар учурунда демонстранттар менен полициянын кагылышы катталды. Полиция демонстранттарды таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ колдонду.

Түрк дарыгерлер ассоциациясынын билдиришинче, нааразылык акциялары өтүп жаткан үч күн ичинде Стамбулда 1000ден ашык, Анкарада 700дөй адам жараат алды. Расмий бийликтегилер жараат алгандардын саны мындан бир кыйла аз экенин билдирүүдө.

Түркиянын ички иштер министри Муаммер Гүлер демонстрациялар учурунда 1700дөн ашык адам кармалганын, бирок алардын көпчүлүгү кайра бошотулганын маалымдады. Демонстранттар премьер-министр Режеп Тайып Эрдоганды кызматтан кетүүгө чакырышты. Стамбулдун Бешикташ районундагы демонстранттар баррикада курганга чейин барышкан.

Митингдердин катышуучулары Эрдоганды жана ал баштаган кыймылды исламчыл жана авторитардык деп айыпташууда.

Эрдогандын өкмөтү бийликке 2002-жылы келген. Ал эми Эрдоган өзүн "авторитардык лидерге айланды", анын “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” деген партиясын "исламчыл саясатын жүргүзүп жатат" дегендерге каршы экенин, өзүн секулярдык Түркияны сактай турган адам экенин айтты.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG