Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:47

Медербек Үсөнов кайрадан бошотулду


Жалал-Абаддагы облустук акимиятты ээлеп алуу фактысы боюнча камакка алынган Медербек Үсөновду өткөн түнү УКМК бошотту. Бул тууралуу анын адвокаты Искендер Журабаев кабарлады.

2-июнда камакка алынган Медербек Үсөнов кечээ кечке жуук “Ата-Журт” фракциясынын 4 депутатынын жеке кепилдиги менен бошотулган эле. Бирок жарым саат өтпөй “Манас” аба майданынан Ошко учуп кетээр алдында түшүнүксүз жагдайда кайра кармалганы айтылган. Үсөновго байланышкан акыркы окуялар боюнча УКМК расмий түшүндүрмө бере элек.

Үсөновго 31-майдагы Жалал-Абад облустук акимиятын ээлеп алуу фактысы боюнча Кылмыш кодексинин "бийликти басып алган жана бийликти басып алууга чакырык жасаган" деген беренелери боюнча айып тагылган.

Үсөновдун камалышына нааразы болгондор тарабынан буулган Бишкек-Ош жолу дале ачыла элек. Жекшембиден бери Сузактын Барпы айылында жол тосуп тургандар - Медербек Үсөнов Жалал-Абадга келгенде гана жолду ачарын билдиришүүдө. Аймактагы “Азаттыктын” кабарчысы маалымдагандай, ушу тапта 50 чакты адам Үсөновдун Жалал-Абадга келишин күтүп жатышат. Ал эми тосулган жолдун эки тарабында 500гө жакын унаа топтолуп турат.(BkA)

XS
SM
MD
LG