Линктер

жекшемби, 26-март, 2017 Бишкек убактысы 19:23

Пакистан: Наваз Шариф премьер-министрлик кызматка киришет


Бул жолу 63 жаштагы саясатчы үчүнчү ирет өлкөнүн өкмөтүн жетектегени жатат. Майдагы парламенттик шайлоонун натыйжасында, Шарифтин "Мусулман лигасы" партиясы парламенттеги 342 орундун 177син жеңип алган.

180 миллион калкы бар өлкөнүн жаңы өкмөтү экономикалык кыйын абал, энергетикалык кризис, коопсуздук маселелери сыяктуу көптөгөн орчундуу көйгөйлөрдү чечиши керек.

Шариф 13 жылдан кийин кайрадан бийликке кайтып келди. Ал 1997-жылы аскердик төңкөрүштүн айынан премьер-министрлик кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG