Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:52

Апрель соту жанданды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Апрель окуясында жабыркагандардын адвокаты Осунбек Жамансариев кабарлады. Анын айтымында, бүгүнкү соттук териштирүүдө жабырлануучулардын көрсөтмө берүүсү уланат. Өткөн айда айыпталуучулардын бири, УКМКнын мурдагы төрагасы Мурат Суталиновдун саламаттыгы начарлаганы үчүн жараян токтоп калган. Ушул дүйшөмбүдөн тарта кайрадан сот иши жанданды. Бүгүнкү жараянда соттогу эксперттердин корутундусу каралмакчы.

2010-жылы 7-апрелде куралсыз элге ок атууга буйрук берген жана аны аткарган деген айып мурунку президент Курманбек Бакиев баш болгон 21 кишиге тагылган. Анын ичинен мурдагы президент Бакиев баш болгон жети айыпталуучу Кыргызстанда болбогондуктан, сырттан соттолууда.

Ушул тапта камакта мурдагы мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчи орун басары Нурлан Темирбаев кармалууда, калгандары үй камагында. Апрель окуясы боюнча соттук иш 2010-жылдын 17-ноябрынан бери уланып келет. (BkA)

XS
SM
MD
LG