Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:33

Курманбек Бакиев Беларус жарандыгын алганын тастыктады


Бул жөнүндө экс-президент орусиялык “Интерфакс” агенттигине берген маегинде билдирди. Шейшемби күнү жарык көргөн маекте Бакиев 2010-жылдан бери Беларустун жарандыгын алганын тастыктаган. Мындан улам аны Кыргызстанга экстрадициялоо тууралуу өтүнүч мыйзамга жатпай турганын билдирген. Ошондой эле ал саясаттан толугу менен кеткенин жарыялап, учурдагы бийликти мамлекетти башкарууга "жөндөмсүз" деп атады.

Курманбек Бакиев 2010-жылы Апрель ыңкылабынан соң Кыргызстандан чыгып кеткен. Ага митингчилерге ок атуу боюнча бир нече айып тагылган. Ушул жылдын февралында мурдагы президенттик администрациянын жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча Бишкек гарнизонунун аскер соту Курманбек Бакиевди сыртынан 24 жылга жана анын бир тууганы, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы жетекчиси Жаныш Бакиевди өмүр бою эркинен ажыраткан.(BkA)

XS
SM
MD
LG