Жалал-Абад облусундагы Сузак районуна караштуу Барпы айылынын тушунда 2-июндан бери буулуп турган Ош-Бишкек жолу ачылды. Кабарчыбыз Ырыспай Абдраимовдун билдиришинче, чогулгандарга Медербек Үсөнов барып жолду ачууга чакырды. Бүгүн Жалал-Абадга келгени жаткан премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен жолугушуу үчүн нааразылык акцияга чогулгандардын арасынан 10 өкүл дайындалды. Анда камактагы депутаттарды бошотуу талабы коюлары айтылды. Эгер ал талап аткарылбаса, жол кайра бууларын эскертишти. (YA/EBM)