Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:21

Сатыбалдиев митингчилерди мыйзамды сыйлоого чакырды


Азыр өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Жалал-Абад облустук акимчиликтин короосунда нааразылык акцияга чыккандар менен жолугуп жатат. Анда кан жолду бууган туура эмес болгонун, Медербек Үсөновду бошотуу талабы аткарылганын айтты. Облустук акимчиликтин имаратын бошотууга, мамлекеттик менчиктерге аяр мамиле жасоого чакырды. Эгер бошотулбаса мыйзам алдында жооп берүүгө туура келет деп билдирди. Камактагы үч депутаттын ишин сот карап жатканын, сотко таасир эте албай турганын белгиледи. Сатыбалдиев сүйлөп жатканда митингге чогулгандардын айрымдары каяша айтып турду. (EBM/YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG