Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:24

Ош шаарынын коопсуздугу талкууланды



Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов өз аппараты менен Жалал-Абад жана Жети-Өгүздөгү кырдаалга байланыштуу Ош шаарынын коопсуздугун талкуулады.
Анда июнь окуялары Жалал-Абадда башталганын белгиледи. Кооганын үч жылдыгын утурлай коомдук тартипти күзөтүү күчөтүлүшү керектигин, улут аралык жаңжалга айланып кетиши ыктымал турмуштук чыр-чатактарды болтурбоо, алдын алуу иштерин жүргүзүп, башка күчтөргө кырдаалды пайланып кетүүгө жол берилбеши керектигин айтты. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин аймактагы башкармалыгынын жетекчиси жыйында шаарда эл көп топтолгон жерде күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышканын айтты. Бул тууралуу Ош мэриясынан кабарлашты. (EBM)

XS
SM
MD
LG