Москванын полициясы шаардагы Черкизов базары жайгашкан жердин астында курулган «шаарчадан» 200дөн ашык мыйзамсыз мигрантты кармап кетти. Кабарга караганда, көлөмдүү комплексте камалган жумушчулар кийим тигишкен.
Орусиянын ички иштер министрлиги кечээки камакка алуу тууралуу видеону чыгарды. Жер алдындагы фабрикада тартылган ал тасмадан кийим тигүүчү машиналар менен катар, жатакана, ашкана, кино көрүүчү жай, казино жана тооккананы көрүүгө болот. Мигрант жумушчулар азия түспөлүндөгү адамдар. Өткөн аптада да Москвада миңге чукул мыйзамсыз мигрант камакка алынган эле, алардын көбү Борбор Азиядан келгендер болчу.