Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:17

НАТО Ооганстанды талкуулап жатат


НАТОнун коргоо министрлери бүгүн Брюсселде биримдиктин Ооганстандагы аскердик миссиясы келерки жылы аяктагандан кийинки операцияларын экинчи күн катары менен талкуулап жатышат. Бул ирет НАТО аскерлери чыгарылгандан кийин Ооганстанда канча аскер жана машыктыруучу калары боюнча чечим болору күтүлбөйт. НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Рассмуссен эл аралык жардам берүүнү улантуу үчүн Ооганстанда белгилүү шарттар аткарылышы керектигин белгиледи:

- Милдет эки тарапта тең болушу керек. Оогандар мамлекеттик башкарууну жакшыртып, коррупция менен күрөшүп, адам укуктарын жана акыйкат шайлоону камсыздоо милдеттенмесин аркаласа, эл аралык жардам да уланат.

Бүгүнкү сүйлөшүүдө НАТОнун министрлери менен Грузиянын коргонуу министри жолукту. Грузия НАТОнун 100 миң кишилик ооган миссиясына бир жарым миңден ашык аскер кошкон.
XS
SM
MD
LG