Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:40

Парламент Кумтөр боюнча сүйлөшүүнүн мөөнөтүн узартты


Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүнкү жыйында кыргыз өкмөтүнө Кумтөр боюнча Centerra Gold Inc. менен сүйлөшүүгө дагы үч ай мөөнөт беришти. Ага ылайык, өкмөт сүйлөшүүнүн жыйынтыгын парламентке 10-сентябрдан кечиктирбей алып келүүгө тийиш. Бул токтомго жыйынга катышкан 103 депутаттын 63ү добуш берди. Жыйын жүрүшүндө депутат Дастан Бекешовдун сунушу менен өкмөт ар ай сайын сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү тууралуу маалымат берип турууга милдеттендирилди.

21-февралда кыргыз парламенти Кумтөр кениндеги абалды иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусун талкуулап, “Центерра” менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн өкмөткө 3 ай берген. Мамлекеттик комиссия болсо 2009-жылы “Центерра” менен өкмөттүн ортосунда түзүлгөн келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келет деп сыпаттап, аны бузууну сунуштаган эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG