Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:17

Иранда талапкерлер ТВ талкууга катышты


Иранда президенттикке талапкер сегиз киши мамлекеттик сыналгыдан түз эфирден экинчи дебатын башташты. Бул ирет көркөм өнөр жана маданият темасы сөзгө алынууда. Талапкерлерге ар бирине бул маселелер боюнча түшүндүрмө берүүгө төрт мүнөттөн убакыт берилген. Бир нече талапкер, анын ичинде мурдагы өкмөт өкүлү, Ирандын эл аралык коомчулук менен ядролук сүйлөшүүдөгү өкмөттүн өкүлү Хасан Рохани жана университет профессору Мохаммад Реза Арефтер көркөм өнөр менен маданият иштеринде өкмөттүн көзөмөлү минималдуу болуш керек деп айтышты. Рохани ошондой эле өткөн жылдарда студенттерге ашкере чектөөлөр коюлганын сынга алды. Парламенттин мурдагы спикери Голам Али Хаддан Адел ирандыктар өз маданиятын толук түшүнгөндө гана «Батыштын маданий баскынчылыгы менен» күрөшө алышаарын белгиледи.

21-майда шайлоо өткөрүүгө көзөмөл жүргүзгөн Көзөмөл кеңеши 14-июнга белгиленген президенттик шайлоого 700дөй талапкердин сегизин гана жактырган.
XS
SM
MD
LG