Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:17

Жаштар чек ара аймактарына көңүл бурууну талап кылышат


Бүгүн Жогорку Кеңештин имаратынын алдына Кыргызстан жаштар кеңеши нааразылык акциясын өткөрөт. Бул тууралуу аталган кеңештин төрагасы Жеңиш Молдокматов кабарлады. Анын айтымында, өкмөт акыркы айларда бир нече ирет тажик жарандары менен жаңжал болуп өткөн Баткендеги Ак-Сай айылына көңүл бурбай жатат:

- Баткендеги Ворух эксклавнын жанындагы Ак-Сай айылында кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда бир нече жолу жаңжал чыкты. Бирок азыркы күнгө чейин жабыр тарткан айылдын тургундарына көңүл бурулбай жатат. Биз аталган айылдардын тургундары менен сүйлөшүп, байма-бай барып жатабыз. Жергиликтүү тургундар өкмөттөн бир да адам басып келбегенин, жаңжал учурунда чыгымга учураган мүлктөр ордуна келтирилбегенин айтып жатышат.

Ошондуктан, акция жүрүшүндө жаштар кеңешинин мүчөлөрү бийликтерди чек арага жакын аймактардагы айылдарга көңүл бурууга чакырышмакчы.

Ушул жылдын 27-апрелинде Ворух анклавын айланып өтчү Ак-Сай - Тамдык жолунун курулушунан улам кыргыз жана тажик жарандарынын ортосунда чатак чыккан. Анда ворухтуктар бул жолдун курулушуна каршы чыгып, жол куруп жаткандарга кол көтөрүшкөн. Бул окуядан Ак-Сай айылынын 12 жараны жабыркаган, бир нече унаа жана сарай өрттөлгөн. 31-майда ушул эле айылда эки улут өкүлдөрү ортосунда калайман мушташ катталган болчу.(BkA)

XS
SM
MD
LG