Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:18

Митингдин эртеси да болду


Кумтөргө каршы уюштурулган митинг учурунда. "Тамга" көмөкчү чордонун кайтарган күч кызматкерлери. Жети-Өгүз району, 31-май, 2013-жыл
Кумтөргө каршы уюштурулган митинг учурунда. "Тамга" көмөкчү чордонун кайтарган күч кызматкерлери. Жети-Өгүз району, 31-май, 2013-жыл

Жети-Өгүздөгү жана Жалал-Абаддагы окуялар боюнча кылмыш иштери тергелип, экономикалык чыгымдар саналууда.

Жалал-Абадда тосулган Бишкек-Ош жолу ачылып, облакимчилик имараты митингчилерден бошотулду. Муну менен кырдаал аз да болсо жөнгө салынгандай болду. Бирок эми бул акцияларга себеп болгон Медербек Үсөновго козголгон кылмыш ишинин тагдыры кандай болот деген суроо турат. Мындан тышкары Жети-Өгүздөгү башаламандыктар боюнча кылмыш иш козголгону маалым.

Козголгон кылмыш иштер

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын тергөө абагында эки күн кармалып, жеке кепилдик менен чыгарылган, митингчилер тарабынан “элдик губернатор” атанган Медербек Үсөновго кылмыш кодексинин эки оор беренеси боюнча айып коюлууда.

Ага облустук акимчиликтин имаратын ээлеп алуу фактысы боюнча 2-июнда Жалал-Абад прокуратурасы кылмыш ишин козгогон. УКМКнын басма сөз кызматынын өкүлү Тилек Чокморовдун айтымында, Медербек Үсөнов кепилдиктин негизинде бошотулганы - ал кылмыш жоопкерчилигинен кутулду дегенди түшүндүрбөйт. Тергөө амалдары мындан ары улантыла берет:

- 31-майдагы окуялар боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Медербек Үсөновго Кылмыш кодексинин 295-беренеси (бийликти күч менен басып алуу жана күч менен кармоо) жана 297-беренеси (Конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо) боюнча кылмыш иши козголуп, айыбы угузулду. Анын баш коргоо чарасы каралып, Жалал-Абад облусунун тургундарынын жеке кепилдигинин негизинде коё берилди.

Жеке кепилдик менен чыгарылган Медербек Үсөнов өзү болсо Жалал-Абадга барып, эл алдына чыгып сүйлөгөн кезде бул кылмыш иштин негизинде башка адамдарга да айыптар коюлушу мүмкүн экенин билдирди. Ал элди жолду ачууга чакырып, баарын сот чечерин кошумчалады:

- Кылмыш иши башкаларга да козголот, ошол жерде болгон лидерлерге. Бирок азыр жолду ачууну эл суранып жатат, башка аймактардын элдери да суранууда, мен да суранам. Менин үстүмөн деле иш бүтө элек, эми башталат. Мен өзүм ушул нерсеге аралашып, башымды сайып койгондон кийин соттун чечимин сиздер менен чогуу күтсөк.

Бишкек-Ош жолун тосуу боюнча да Сузак райондук ички иштер бөлүмү 5-июнда “Өзүм билемдик кылуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Аталган бөлүмдүн башчысы Алмаз Малабековдун “Азаттыкка” билдиришинче, жол тосулуп турган маалда мөмө-жемиши чириген алты адамдан арыз түшкөн.

5-июнда президент Алмазбек Атамбаев Барпы айылындагы жагдай, Бишкек-Ош стратегиялык жолундагы абалды турукташтыруу боюнча күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрүп, башаламандыкты баштагандардын жана жол тосууну уюштургандардын баары жазаланышы керектигин белгилеген.

Жалал-Абаддан тышкары, өткөн аптада Жети-Өгүздө орун алган башаламандыктар боюнча да Ысык-Көл облустук прокуратурасы кылмыш ишин козгогон болчу. Башкы прокуратуранын өкүлү Санжар Абжаловдун маалымдашынча, ал боюнча облустук ички иштер башкармалыгы тергөө амалдарын жүргүзүүдө.

Бирок Жети-Өгүздөгү митингдин катышуучуларынын айтышынча, жергиликтүү бийликтин кетирген кемчиликтери ушундай күтүүсүз окуяларга алып келди.

Акцияны уюштуруучулардын бири Эрмек Жунушбаев андыктан козголгон кылмыш ишинин негизинде эгер аларга айып койсо, бул туура эмес болот дейт.

- Биз өзүбүз кылмыш кылдык деп эсептебейбиз. Жолугушууга келген жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Бишкектен келген чоңдор, министрлер да бул жерде чагым болуптур деп кетишкен. Эгер бизди эл душманы кылабыз десе, анда билбейм, туура эмес болот.

Чыгым артынан чыгым

Бирок канткен менен укук коргоо органдары эки облуста орун алган окуялар боюнча козголгон кылмыш иштерин тергеп, сотко жеткирүүнү убада кылууда.

Ал аралыкта мамлекеттик органдар жана көз карандысыз эксперттер акыркы окуялардан улам жеке жарандарга жана мамлекетке келген чыгымдарды эсептешүүдө. Маселен, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жол тосулуп, электр кубаты өчүрүлүп, Кумтөр кениндеги өндүрүштүн төмөндөөсүнөн ишканага 4 млн. доллар чыгым тартканын Жети-Өгүзгө барганда билдирген болчу.

Ал эми көз карандысыз эксперт-аналитик Искендер Шаршеев акыркы окуялардан улам келген чыгымдардын жалпы суммасын эсептеп чыкканга жетишкен. Ал жыйынтыгында мамлекет жана жарандар олчойгон - 1 млрд. сомдон ашык зыян тартканын айтууда.

- Мисалы, жүргүнчүлөр жол тосулуп, митинг болуп жаткан жерге чейин жетип, андан жөө өтүшүп, ар жагынан такси кармап жатышты. Бирок андан ары алып кеткен таксинин баасы эки эсе кымбат болуп жатты. Ошолордун баары адамдардын күтүүсүз чыгымдары. Ал эми ишкерлерди айтпай эле коёлу, алар 10-20 миң сомдон чыгым болушту. Ошонун баарын эсептегенде чыгымдар 1 млрд. 63 млн. сомго жетти.

Маселен, Шаршеевдин эсебинде, Жалал-Абаддагы окуялар 350 млн., Ысык-Көлдөгү окуялар 440 млн. сом чыгым алып келген. Ал эми мамлекеттин күтүүсүз кошумча чыгымдары 50 млн. сомду түзгөн. "Кумтөрдүн чыгымы болсо, 4,6 млн. долларды түздү",- дейт Искендер Шаршеев. Ал мыйзам боюнча мамлекет жана ар бир жаран күтүүсүз чыгымдарга кириптер кылгандарды сотко бергени туура болорун кошумчалады:

- Албетте сотко берсе болот. Сотко сөзсүз бериш да керек. Анткени, кетирген чыгымдарын ушундай жол менен өндүрүп алуу мүмкүнчүлүгү бар.

Ал эми бул сыяктуу окуялардын моралдык чыгымдарын эсептеген Кыргызстанда адистер али жок сыяктуу. А карапайым кыргызстандыктар болсо, эки облустагы акыркы окуялардын басаңдаганына, өлкөнүн күрөө тамыры болгон чоң жолдун ачылганына, эң башкысы адам өмүрү кыйылбаганына шүгүр кылып жатышкандай. Балким бир жагынан адистер бул окуяларга шыкак берген мамлекеттик жетекчилердин кемчиликтерин, оболу алардын алып келген зыяндарын да эсептеп чыгуулары керектир.

XS
SM
MD
LG