Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:47

Мигранттардын балдары: ата-апа, кайдасыз?


Гүлмира Белекова абышкасы жана неберелери менен.
Гүлмира Белекова абышкасы жана неберелери менен.

Кыргызстанда бир топ мигранттардын балдары ата-энесиз өсүп келатат. Адистер толук үй-бүлө эмне экенин билбеген, жакшы тарбия албаган бул балдар коомдун жакшы мүчөсү болбой калышы мүмкүн экенин айтып, коңгуроо кагууда.

Ысык-Көлдүн тескей жээгине жакын 500 түтүндүү Эшперов айылында жаштардын көпчүлүгү Орусияда эмгектенет. Эркектер көбүнчө Якутияда.

"Биздин айылдан бирөө ошол Якутияга кеткен. Ал жактан жумуш таап, орун-очок алды. Аны көргөн башка айылдаштар ошол жакка кете баштады. Ошентип бизден Якутияга кеткендер көп", - дейт айылдын 63 жаштагы тургуну Казыбек ата.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, 100гө жакын мигранттардын балдары чоң ата-чоң энесинин, же таята-таенесинин колунда чоңоюп жатат. Андан сырткары же атасы, же апасы жок өсүп аткандар бар.

Эшперов айылына кире бериш.
Эшперов айылына кире бериш.
Эшперов айылынын 53 жаштагы тургуну Гүлмира Белекова төрт небересин күйөөсү экөөлөп багып келатат. Үч жыл мурун ал кызы менен күйөө баласын Москвага, уул-келинин Якутияга узаткан. Айтымында, неберелери ата-энелери менен телефон аркылуу бат-бат сүйлөшүп, жылына бир жолу көрүшүп турат.

Бирок Гүлмира апа неберелери ата-эне мээриминен улам алыстап баратканына кабатыр.

- Бала жүрөгүндө баары бир ата-энеси турат. Бирок биз баккан үчүнбү оолактап, качып калат экен. Алар келген кезде деле атаң менен апаңдын жанына барып, коюнуна жатып келчи десең да барбайт. Алар таттуу-паттуу берип койсо, жанында бир аз ойнойт. Жөн салды бара беришпейт.

Гүлмира Белекова неберелери аны өз апасындай көрүп, этектеп жүргөнүнө бир чети кубанса, экинчи чети ата-энеси менен чогуу болсо деп ойлойт. Төрт небересинин улуусу быйыл биринчи классты бүтүрдү, андан кийинкилери - беш, төрт жана эки жашта.

Якутиядагы уулунун кызы жети жаштагы Толгонайды кепке тарттык:

- Атамдын аты Таалай, апамдыкы Ширин. Аларды сагынам. Акыркы жолу бир жыл мурун көргөм. Телефон аркылуу сүйлөшүп турам. Сүйлөшкөндө кандайсыңар, жакшы жүрөсүңөрбү, иштериңер жакшыбы? - деп сурайм. Алар "баары жакшы" деп жооп беришет.

Гүлмира апа Тоң районуна караштуу Эшперов айылында балдарын сыртка узатып, неберелерин алып калган жалгыз чоң эне эмес. Айылдык активисттер өткөргөн чакан изилдөөгө ылайык, 500 чакты түтүндүү бул айылда 100гө жакын үй-бүлөдө балдар ата-энесиз өсүп жатат, андан сырткары же атасы, же апасы жок чоңоюп жаткандар да бар.

Айгүл Рыскулованын айтымында, мигранттардын балдарынын маселесине коомчулук жана мамлекет киришпесе, келечекте ал балдар коомдун жакшы эмес мүчөсү болуп калышы мүмкүн.
Айгүл Рыскулованын айтымында, мигранттардын балдарынын маселесине коомчулук жана мамлекет киришпесе, келечекте ал балдар коомдун жакшы эмес мүчөсү болуп калышы мүмкүн.
"Бул маселе өлкөнүн ар бир аймагында курч, бирок коомчулук маани бербейт",-дейт мурдагы эмгек жана миграция министри Айгүл Рыскулова.

Анын айтымында, мигранттардын балдарына чоң ата жана чоң энелери улгайып калганына байланыштуу өз ата-энесиндей тарбия берип, көзөмөлдөп, окута албайт. Ошол үчүн мамлекет коомчулук менен бирге бул проблеманы көңүлгө алуусу кажет.

- Ошол мигранттардын балдары ата-энесиз чоңойгон бир өзүнчө муун болуп ортодо калышы мүмкүн. Алардын келечеги бүдөмүк, анткени тарбиясыз, билимсиз, ата-эне мээриминен өксүгөн балдар келечекте коомдун жакшы мүчөсү болору күмөн.

Айгүл Рыскулова жетектеген чоң коомдук кеңеш жер-жерлерде ата-энесиз чоңоюп жаткан балдарга жана аларды багып аткан чоң ата, чоң энелерине колдоо көрсөтөт.

Ысык-Көлдөгү Эшперов айылында чоң коомдук кеңештин бөлүмү – кичи коомдук кеңеш иштейт. Анын мүчөсү – айылдын 22 тургуну. Алар мигранттардын ата-энелерине азык-түлүк жактан каралашат, мугалимдерди мигранттардын балдарына өзгөчө кам көрүүгө үндөп турат.

Кичи коомдук кеңештин төрайымы Айнагүл Аштыкчиеваны угалы:

- Беш жашка чейинки наристелер үчүн бала бакча ачсак, кечки бешке чейин тарбияланса деле жакшы болмок. Убагында тамак ичет, уктайт, моралдык колдоо алат жана акыл-эси өнүгөт. 20 жылдан бери иштебеген мончобуз бар, айыл өкмөт бөлүп берип жатат. Ошонун жок дегенде бир бөлмөсүн ачып, 20 баланы баксакпы деп жатабыз.

Эшперов айылынын кыздары
Эшперов айылынын кыздары
53 жаштагы Гүлмира Белекова ден соолугуна даттанбаганы менен төрт неберени багуу андан чоң күч-кубатты талап кылганы көрүнүп турат. Анын үстүнө ар бир айылдагыдай эле жерди, малды караш керек, үйдүн тиричилиги да моюнунда. Бирок “эмне кылайын? Башка жол жок да” деп алаканын жаят Гүлмира апа.

- Балдарым Орусиядан азырынча келишпейт го, анткени “биз Кыргызстанга келсек эмне кылабыз? Жумуш жок. Андан көрө бул жерде эле иштеп туралы”, - деп жатышат. Неберелерибиз чоңоюп жатышат. Эми биз деле балдарыбызга айтып жатабыз: балдарыңар чоңоюп калды. Өзүңөр тарбия бергенге аракет кылгыла деп. Биз эми кемпир-чалдын тарбиясын берет экенбиз, өздөрү жаштарча тарбияласа жакшы болмок.

Миграция кыргыз коомунун салтына өзгөртүүлөрдү киргизди, жүздөгөн тирүүлөй жетимдер пайда болду. Алар ата-эненин мээримин, камкордугун денесине сиңирбей чоңоюп жатышат. Эрезеге жеткенде ким болоорун бир кудай билет. Ошондуктан бүт коомчулук менен мамлекет мигранттардын балдарынын көйгөйүнө көңүл буруп, аны чечүүгө активдүү көмөктөшүүгө тийиш деп адистер коңгуроо кагууда.

Ал эми Гүлмира Белековадай чоң ата, чоң энелерге өмүрлүү жана ыймандуу неберелерди өстүрүү үчүн бекем ден соолук, түгөнбөс күч-кубат тилемекчибиз.

XS
SM
MD
LG