Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:52

Түркияда антиөкмөттүк чыгуулар токтой элек


Түркияда Режеп Тайып Эрдогандын премьер-министрликтен кетүүсүн талап кылган демонстрациялар уланууда. Полиция 31-майда Стамбулдун Таксим сейилбагын кайра пландаштырууга каршы чыккан митингди күч менен таркаткандан улам башталган антиөкмөттүк толкундоолор нкара жана башка шаарларга жайылып кеткен.

Таксим тилектештик группасынын мүчөсү Айып Мухчи бүгүн Анкарада берген интервьюда: "миңдеген адамдардын жарадар болушуна жана айрым жарандардын өлүмүнө коопсуздук кызматтары жооптуу. Ал үчүн Хатай, Анкара жана Стамбулдун шаар башчылары менен полиция акимдери кызматтан алынсын. Көздөн жаш агызчу гранаталарды колдонуу тыйылсын. Демонстрацияларга катышты деп камалган адамдар эч айыбы жок бошотулсун,"- деди.

Мындай талапты шаршемби күнкү кесиптик союздар уюштурган акциянын миңдеген катышуучулары да колдошкон эле.

Соңку маалыматтар боюнча, жума күнү башталган толкундоолор маалында үч адам өлгөн. Миңдеген адамдар, анын ичинде жүздөгөн полициячылар жараат алган.

Түндүк Африка өлкөлөрүндөгү сапардан кайтып келген премьер-министр Эрдоган антиөкмөттүк чыгуулар басылат деп сөз берди.

XS
SM
MD
LG