Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:06

Аба ырайы: чукул эскертүү


Кыргызстанда 6-7-июнь күндөрү жааган жаан-чачындан улам тоо этектеринде жана тоолуу райондордо сел жүрүшү, суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.

7-июнда түнкүсүн Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат жана ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +11... +16, күндүз +27... +32 градус, Талас облусунда түнкүсүн +9… +14, күндүз +25…+30 градус, Баткен облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +27…+32 градус, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +11... +16, күндүз +28 ...+33 градус, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7... +12, күндүз +20... +25 градус, Нарын облусунда түнкүсүн +4...+9, күндүз +21... +26 градус болот.

Бишкекте 7-июнда жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат жана ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15 градус, күндүз +30…+32 градус болот. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG