Европа борбордук банкы жана Еврокомиссия Латвия евромейкиндикке кошулуунун шартын аткарганын жана 2014-жылы еврону колдонууга даяр экенин билдирди.
Латвияга Европа монетардык союзуна кабыл алуу боюнча расмий сунушту Биримдиктин финансы министрлери июлдагы жыйынында жасайт. Латвия евромейкиндикке кошулуу үчүн беш шартты аткарды: Инфляцияны 3 проценттен төмөн түшүрдү; узак мөөнөттүк кредиттердин акысын арзан кылды; улуттук акча латтын алмашуу курсун туруктуу кылды; өкмөттүк карызды жана бюджеттик тартыштыкты төмөндөттү.
2 млн. калктуу өлкө Евробиримдикке 2004-жылы кошулган жана 2008-2009-жылдардагы каржы кризистен кийин экономикасы ырааттуу өсүүдө. Сурамжылоолор боюнча, көпчүлүк латвиялыктар өлкөнүн евроакчага өтүүсүнө каршы. Азыр Евромейкиндикке 17 өлкө мүчө.