Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:20

Ысык-Көлдө жаракат алган бир милиция кызматкердин абалы оор


Ички иштер министри Абдылда Суранчиев Ысык-Көлдө нааразылык акциядагы кагылышта жаракат алган 29 милиция кызматкери ооруканада жатканын, бирөөнүн абалы оор экенин Жогорку Кеңеште билдирди.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 27-майда башталган нааразылык акциялары калайман баш аламандык менен коштолгон. Районго өзгөчө абал жарыяланган. Митингчилер Кумтөр боюнча 2009-жылда “Центерра Голд” менен түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу, социалдык көйгөйлөрдү чечүү талаптарын койгон. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG