Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:30

Азербайжан үчүн М. Кабалье - персона нон грата


Расмий Баку атактуу испаниялык ырчы Монтсеррат Кабальени персона нон грата деп жарыялады. Азербайжандын Мадриддеги элчиси мындай нота Испаниянын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлгөнүн кабарчыларга билдирди.

Атактуу сопрано ырчы шейшемби күнү Тоолуу Карабахка барып, региондун жикчил лидерлери менен кездешкен. Расмий Бакунун кабарлашынча, Кабальенин Азербайжандын баскынчылардын ээлигиндеги жерине баруусунун кесепети ырчынын менеджерлерине мурда эскертилген экен.

Тоолуу Карабахтын армян калкы жыйырма жылдай мурда аймакты Бакудан эгемен деп жарыялаган. Армения аймакты жана анын атрабындагы жерлерди 1990-жылдардын согушунда басып алган. Чатакты жөндөө боюнча тыш өлкөлөр арачылык кылган сүйлөшүүлөр азырынча майнап бере элек.

XS
SM
MD
LG