Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:23

Австриялык аскерлер Голан дөңсөөсүнөн чыгарылат


Австрия өкмөтү Голан дөңсөөсүндөгү Улуттар уюмунун тынчтык күчтөрүнүн курамынан өз аскерлерин чыгарып кетет. Канцлер Вернер Вайман мындай билдирүүнү сириялык козголоңчулар Сирия жана Израил ортосундагы австриялык "жашыл каскачандар" күзөткөн бейтарап бөлүгүнө кирип, Кунейтра шаарын басып алгандан кийин жасады.

Адаватчыларды бир нече сааттан кийин Сирия өкмөтүнүн күчтөрү сүрүп чыккан. Сирия жана Израил ортосундагы тилкеде БУУнун 1 миң аскери болсо, алардын 380и Австриядан.

Азырынча австриялык "жашыл каскачандардын" качан чыгарылып кетери белгисиз. Голан бийиктигинин көпчүлүк бөлүгүн Израил 1967-жылкы Алты күндүк согушта басып алган. Кунейтра Израил менен Сирияны түз туташтырчу бирден бир шаар.

XS
SM
MD
LG