Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:41

Стамбулдун Таксим сейил багын кайра пландаштыруу токтотулбайт


Мындай билдирүүнү премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган бейшемби күнү Тунисте журналисттер менен кездешүүдө жасады. Ал Түркиядагы өкмөткө каршы тополоңго катышкан жана аны премьер-министрликтен кетүүсүн талап кылган демонстранттардын ичинде айрым террорчулар да бар деди.

Полиция 31-майда Стамбулдун Таксим сейил багын кайра пландаштырууга каршы чыккан митингди күч менен таркаткандан улам башталган антиөкмөттүк толкундоолор Анкара жана башка шаарларга жайылып кеткен.

Митингчилер Анкара, Стамбул жана башка шаарлардын мэрлерин жана полиция акимдерин да кызматтан алууну талап кылышууда.

Соңку маалыматтар боюнча, жума күнү башталган толкундоолордун кесепетинен өлгөндөрдүн саны үчкө жетти. Полиция менен тирешүүлөрдө миңдеген адамдар, анын ичинде жүздөгөн полициячылар жараат алган. Вице-премьер-министр Булент Аринч полициянын митингчилерге каршы аёосуз мамилеси үчүн кечирим сурады.

XS
SM
MD
LG