Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:31

АКШ жана Кытайдын жетекчилери жолугат


Сүйлөшүүлөр эки күнгө созулат. Эки ири державанын лидерлеринин сүйлөшүүсүндө интернеттеги киберкоопсуздукка өзгөчө маани берилет деп күтүлүүдө.

Ушул жылдын башында АКШнын өкмөтү баш болгон бир нече ири уюм, ишканалар вирус чабуулуна кабылган. Анда муну АКШ тарап кытайлык хакерлер жасап жатат деп билдирүү тараткан. Расмий Пекин мындай дооматты четке кагып, өзү дагы чабуулдарга туш болгонун байма-бай билдирип келет. Жолугушууда Кытайдагы адам укугу жаатындагы абалга да көңүл бурулушу мүмкүн.

Бир катар АКШ сенаторлору жана укук коргоочулар - Барак Обама бул жолугушууда, адабият боюнча Нобел сыйлыгынын ээси Лю Сяобо баш болгон 16 саясий жана диний туткунду бошотуу маселесин көтөрүшү керектигин билдирип жатышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG