Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:06

Коопсуздук боюнча вице-премьерликке Мыктыбек Абдылдаевдин талапкерлиги аталууда


Бул тууралуу парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков билдирди. Анын айтымында, бул кызматка талапкерди премьер-министр көпчүлүк коалицияга сунуштоосу зарыл. Турсунбеков өкмөт башчы Абдылдаевдин талапкерлигин сунуштай турган болсо, көпчүлүк коалиция аны колдой турганын кошумчалады.

Ал эми өкмөттүн маалымат кызматы - учурда бул кызматка талапкерди көрсөтүү боюнча бардык саясий күчтөр менен кеңешүүлөр жүрүп жатканын билдирди.

Мыктыбек Абдылдаев Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Ата-Журт” фракциясынан депутат. Буга чейин Ички иштер министри, Баш прокурор, президенттик администрациянын жетекчиси кызматтарын аркалаган.

Коопсуздук боюнча вице-премьер-министрлик кызматты аркалаган Шамил Атаханов бейшембиде өз каалоосу менен кызматтан кетти. Ага чейин кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы атыккан Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда абактан чыкканын иликтеген депутаттык комиссия - премьер-министрге Атахановду кызматтан алууну сунуштаган.(BkA)

XS
SM
MD
LG