Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:53

Камактагы депутаттардын соту уланып жатат


Бишкек шаардык соту бийликти басып алууга аракет кылган деп соттолгон “Ата-Журт” партиясынан депутаттар: Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун ишин кароону улантууда. Анда Ташиевдин адвокаты Азимбек Бекназаров сот процесси жумасына үч жолу болсун деп суранды. Шаардык соттун коллегиясы 1-2-3 күндөрү каралат деген чечим чыгарды.

Райондук соту бийликти басып алууга аракет кылган деген берене боюнча Ташиев менен Жапаровду бир жарым жылга, Мамытов менен Ташиевдин үч жансакчысын бир жылга эркинен ажыраткан. Эл өкүлдөрүнүн адвокаттары сот өкүмүнө макул болбой, экинчи баскычтагы шаардык сотко арыз менен кайрылышкан.

Өткөн жылдын 3-октябрында Кумтөр боюнча нааразылык акциясында Ташиев баштаган жоон топ адам Ак үйдүн тосмосунан ашып өткөн. (EBM)

XS
SM
MD
LG