Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:32

Депутаттар соту: Кожоналиев айыпталуучу бойдон калды


Камактагы депутаттардын сотунда мамлекеттик айыптоочу коомдук ишмер Кубатбек Кожоналиевди соттук жараянга айыпталуучу эмес, күбө катары катыша аларын айтты. Муну райондук сот Кожоналиевди актаган өкүм чыгарганы менен негиздеди. Бирок айыпталып жаткандардын жактоочулары нааразы болуп, райсоттун чечими күчүнө кире электигин айтышты. Кожоналиев менен кошо камактагы депутаттарды да күнөөсү жок деп табылышы керектигин белгилешти. Кожоналиев өзү да мамлекеттик айыптоочунун жүйөсүнө ынабай, соттун акырына чейин катышарын айтты. Соңунда Бишкек шаардык соттун коллегиясы прокурордун өтүнүчүн четке кагып, Кожоналиевди процесстин аягына чейин катышуусу тууралуу чечим кабыл алды. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG