Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:01

Ташиев тарапкерлерин жол тоспоого чакырды


Камактагы депутаттардын сотунда коомдук жактоочу, Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясынан депутат Жылдыз Жолдошева айыпталуучулардын баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу боюнча сотко өтүнүч келтирди жана өтүнүчтү бүгүн карап, канааттандырып берүүнү өтүндү. Ал Камчыбек Ташиевге кайрылып, тарапкерлерин жолду тоспоого чакырууну суранды. Ташиев жактоочуларына буга чейин деле мыйзамсыз иш-аракеттерге барбагыла деп айтып келгенин белгилеп, соттун чечими чыккыча жолду тоспоого чакырды. Баш коргоо чарасы тууралуу өтүнүч бүгүн түштөн кийин карала турган болду. Азыр тыныгуу жарыяланды. (EBM)

XS
SM
MD
LG