Бишкек шаардык соттун судьялар коллегиясы камактагы “Ата-Журт” фракциясынын үч депутаты Камчыбек Ташиевдин, Садыр Жапаровдун жана Талант Мамытовдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүчтү канааттандырган жок. Түшкө чейинки сот процессинде, аталган фракциянын депутаты, коомдук жактоочу Жылдыз Жолдошева камактагы депутаттарды үй камагына чыгаруу боюнча өтүнүч келтирген болчу. (EBM)