Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:24

АКШнын чалгын мекемесинин башчысы талаштуу программаны коргоду


Кошмо Штаттардын Улуттук чалгын мекемесинин башчысынын айтымында, бул мыйзам АКШ өкмөтүнө интернет компаниялардан маалыматтарды өлкөдөн башка аймактарда жашаган америкалык эмес жарандар боюнча гана топтоого уруксат берет.

Жеймс Клаппер мындай билдирүүнү америкалык “Вашингтон Пост” жана британдык “Гардиан” гезиттеринде жарыяланган макалаларга жооп иретинде жасады.

Ал гезиттердеги макалаларда “бир катар так эместиктер” бардыгын да белгиледи.

“Вашингтон Пост” жана “Гардиан” гезиттери бейшемби күнкү сандарында АКШнын атайын кызматтарынын агенттери америкалык ири интернет компаниялардын серверлерине кирип, электрондук каттарды, сүрөттөрдү, башка документтерди текшеришерин жазып чыккан эле.

Бул аралыкта “Apple”, “Google”, “Facebook” өңдүү ири интернет компаниялар өкмөттүк мекемелердин бирине да өз сервелерине тикелей кирүүгө мүмкүндүк бербегенин билдиришти. (UE)

XS
SM
MD
LG